Жаңылыктар
Президент демилгелүү жаштардын өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган долбоорлоруна күбө болду
Кыргызстан жаңылыктары
Президент демилгелүү жаштардын өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган долбоорлоруна күбө болду

Президент Садыр Жапаров коомдук иштерге жигердүү катышкан жана ар тармакта бизнестин ыгын тапкан өлкөнүн шаарларынан келген жалындуу жаштар менен баарлашты. Жаштар үчүн мындай аянтчаны түзгөн демилгечилер ЮНИСЕФ менен Тынчтыкты куруу фонду. Жолугушуу “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинин алкагында өттү. Мамлекет башчысынын жаштар менен жолугушуусу эркин, маектешүү ыргагында болду. Өлкө башчы демилгелүү жаштардын өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган долбоорлоруна да күбө болду.

Мына өлкөнүн жалындуу жаштары. Арасында билим алып жаткан студенттер, бизнеске кадам таштаган жаш ишкерлер, ар кайсы тармакта ийгиликтүү эмгектенип жаткандары менен жумушсуздары да бар. Багыттары, көз караштары ар кандай болгону менен бул демилгелүү жаштардын максаты бир. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу. Алар бул максаттагы сунуш-пикирлерин Президент менен көзмө-көз талкуулоого келишкен.