Жаңылыктар
Жаштардын жаңыча көз карашы өлкө башчысы менен болгон жолугушууда кызуу талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Жаштардын жаңыча көз карашы өлкө башчысы менен болгон жолугушууда кызуу талкууланды

Мамлекетти өнүктүрүүгө карата жаштардын жаңыча көз карашы бүгүн президент менен болгон жолугушууда кызуу талкууланды. Анда туризм жана медицина, билим берүү жана социалдык экономикалык тармактар баштаган бир катар орчундуу долбоорлор сунушталды.

Акыркы жылдары Кыргызстанда ички туризм тез өнүгүп келе жаткан тармактардын бири. Ага салым кошуп, бул багыттагы долбоорлорду уюштурууда жаштардын ролу чоң. Чыңгызхан Токтобаев мындан 4 жылы мурун “Кеттик” деп аталган туристтик компанияны негиздеген. Бул аралык ичинде 20 миңден ашык адамдар бул кызматтан пайдаланып, өлкө ичин жана коңшу мамлекеттердин бар катар шаарларына саякаттап келишти.