Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн форумда кыргыз-өзбек ишкерлеринин ортосундагы соода мамилеси дагы бир ирет бышыкталды. Айыл чарбасы, курулуш, туризм тармактары боюнча келишимдер түзүлүп, ишке ашырылмай болду.
22-23-апрелге белгиленген "Чек ара аймактарын интеграциялоо - өнүгүүнүн кепилдиги" аталышындагы 3 мамлекеттин Баткен, Фергана, Согди облустарынын биргелешкен форумундагы жетишилген келишимдер туурасында.
Турсунали Төлөмүшев көп жылдардан бери айыл чарба тармагын органикага өткөрүү үчүн аракет көрүп келет. Бул үчүн зыянкечтер менен күрөшүүдө химиялык дары-дармектерди эмес биологиялык жол менен дарылоону сунуштайт. Эми ал Өзбекстанда өткөн форум аркылуу жаңы өнөктөштөрдү таап, органика багыты боюнча эки тараптуу кызматташуу башталаарын айтат.