Өкмөттүн жүз күндүк планынын алкагында электр энергиясын алуу булактарын кеңейтүү тууралуу токтом кабыл алынды. Анда кызыккан инвесторлор бардык аймактарда чакан ГЭС жана электр станцияларын куруп, электр энергиясын өндүрсө болот. Муну менен ички керектөө күз-кыш айларында толук камсыздалып, сыртка экспорттогонго да шарт түзүлөт.
Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык кайсыл аймакта көл, дарыяларда электр энерегиясын алуу мүмкүнчүлүктөрү болсо, аны ишке ашырууга уруксат берилди. Буга чейин жер маселеси чечилбей келген. Мыйзам жол бербегендиктен 2008-жылдан бери мамлекет тарабынан бул багытта алгылыктуу долбоорлор ишке ашкан эмес.