Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды. Жалпы миңге жакын үй-бүлө макарон азыктары, кум шекер сыяктуу күнүмдүк турмушта колдонулган азыктар менен камсыздалды.
Аталган гуманитардык жардам Түркия өкмөтүнүн колдоосу менен берилүүдө. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиргендей, ыйык рамазан айында дагы миңден ашуун көп балалуу жана жашоо шарты начар бүлөлөргө жардам көрсөтүлөт. Кошумчалай кетсек, былтыр ушундай эле азык-түлүк 4600 үй-бүлөгө берилген.