Жаңылыктар
Сингапур пандемия учурундагы коопсуз өлкөнүн катарын толуктады
Дүйнө
Сингапур пандемия учурундагы коопсуз өлкөнүн катарын толуктады

Сингапур пандемия учурундагы коопсуз өлкөнүн катарын толуктады. Bloomberg агенттигинин маалыматында Сингапур калкты эмдөөдөн жогорку көрсөткүчкө жана өлкө ичинде коронавирустун жайылышына каршы натыйжалуу күрөшкө байланыштуу биринчи орунду ээлеген. 

Белгилей кетсек Блумбер 2020-жылдын ноябрь айында түзгөн рейтингде Жаңы Зеландия биринчи орунду ээлеген, бирок улуттук эмдөө кампаниялары башталгандан кийин лидерлигин жоготкон. Сингапурда буга чейин калктын дээрлик 20 пайызы эмдөөдөн өткөнү белгиленди. 

Рейтингди түзүүдө негизги көрсөткүчтөр жугуштуу оорулардын жалпы саны, өлүмдүн көрсөткүчтөрү, текшерилген адамдардын саны жана эмдөө темасы болду. Сингапур 79,7, ал эми Жаңы Зеландия 79,6 упай топтогон.