Жаңылыктар
Украина Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу мүмкүн болгон аянтча караштырууда
Дүйнө
Украина Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу мүмкүн болгон аянтча караштырууда

Украина Россиянын президенти Владимир Путин менен өз лидери Владимир Зеленскийдин жолугушуусу мүмкүн болгон жерди караштырып жатат. Бул тууралуу Украинанын президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак чет элдик басылмаларга билдирди. 

Ермактын айтымында Зеленскийдин буйругу боюнча эки лидердин сүйлөшүүлөрү өтчү жер караштырылып жатат жана азырынча жолуга турган күнү, орду белгисиз болууда. Бир күн мурун Financial Times гезити Зеленский менен болгон маегин жарыялаган, анда ал Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү каалагандыгын билдирип, жолугушуу кайсы жерде болбосун барарын айткан.