Forbes журналынын маалыматында былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Бээжинде миллиардерлердин саны 100гө жетип, Нью-Йорктон ашып кетти.
Мындай жол менен Пекин биринчи ирет дүйнөдө миллиардерлердин борбору аталды. Бир жыл ичинде Кытайдын борборунда 33 миллиардер пайда болсо, Нью-Йоркто жети жаңы бай адам кошулган. Белгилей кетсек, Бээжинде Нью-Йоркко салыштырмалуу тургундардын саны 2 жарым эсеге көп.
Анда 21 миллион адам жашайт. Ал эми Нью-Йорк шаарында 8 миллион 400 миң гана киши бар. Акыркы жылдары Кытайда байлыгы ашып-ташыгандардын саны тездик менен өсүүдө. Былтыр өлкөдө жаңы 210 миллиардер пайда болгон.