Жаңылыктар
Премьер-министр Улукбек Марипов жумуш сапары менен Казань шаарына барды
Кыргызстан жаңылыктары
Премьер-министр Улукбек Марипов жумуш сапары менен Казань шаарына барды

Премьер-министр Улукбек Марипов жумуш сапары менен Казань шаарына барды. Кыргызстандан барган делегация курамын Габдулла Тукай эл аралык аэропортунан, Татарстандын премьер- министри Алексей Песошин баштаган өкмөт өкүлдөрү, улуттук даам чак-чак менен тосуп алышты. 

Сапардын алкагында Өкмөт башчы бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, Татарстандын ишкер чөйрөсү менен жолугушуп, «Иннополис» өзгөчө экономикалык аймагына барып, андагы окуу жай менен таанышат, ошондой эле Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышмакчы.