Жаңылыктар
COVID-19: Непалды коронавирустун индиялык штаммы каптоодо
Дүйнө
COVID-19: Непалды коронавирустун индиялык штаммы каптоодо

28 миллиондон ашуун калкы бар Непалды коронавирустун индиялык штаммы каптоодо. Дарыгерлер алдыдагы күндөрү дагы ооруну жуктургандар көбөйө берсе, учурда кооптуу абалга кептелип калган Индиядагы абал кайталанышы мүмкүн деп чочулап жатышат. Анткени аталган жаңы штамм, буга чейинки вирустарга караганда алда канча ылдамдык менен тез тарайт.

Непалда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны тездик менен өсүүдө. Дарыгерлер буга коңшу Индиядан келген мутацияланган коронавирус штаммынын көбөйүп жатышы себеп дейт. Ал Британия, Түштүк Африка жана Бразилия штаммдарына караганда алда канча жугуштуу. Жекшемби күнү Гималайда үч миңден ашуун жаңы инфекциялар аныкталды. Бул быйылкы жылдын статистикалык маалыматы боюнча эң жогорку көрсөткүч. Баш калаа аталган Катмандуда ооруканалар ансыз деле өз чегинде иштеп жатышат. Бейтаптарды алып бара жаткан тез жардам унаалары көчөдө тизилип турушат. 

«Азыр оорукананын бардык керебеттери бош эмес. Бул дагы бир толкундун башталышы. Биз түшүнбөй калдык, анткени адамдар тез эле жуктуруп ооруп калып жатышат. Пандемия чегине жеткенде эмне болоорун айтуу азырынча кыйын ". Айтсак, Непалда эмдөө кампаниясы январь айында башталган. Ушуга чейин башка өнүккөн өлкөлөргө катар эле Индия жана Кытай вакциналары менен дээрлик эки миллион адам эмделди.

Ошол эле учурда, ДССУ индиялык коронавирус штаммы эмделген жана илдетти жеңип чыккан бейтаптар үчүн да жугуштуу экендигин эскертет. Анткени ал антителолорго туруктуу. Дарыгерлер COVID-19 илдетинин жайылышы менен Непал бат эле Индияда болуп жаткандай кырдаалга кептелет деп чочулашат. 

Жалпысынан, Непалда пандемия башталгандан тарта, 307 миңден ашуун оорулуу аныкталды. 3600дөн ашуун адам оорунун курмандыгы болду. Аталган өлкөдө 28 миллиондон ашык адам жашайт.