Жаңылыктар
COVID-19: Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө 149 млн. 197 миң 932 адам вирусту жуктуруп алды
Дүйнө
COVID-19: Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө 149 млн. 197 миң 932 адам вирусту жуктуруп алды

29-апрелге карата дүйнөдө 149 миллион 197 миң 932 адам вирусту жуктуруп алды. 

Анын ичинен 86 миллион 555 миң 123 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 146 миң 119 адам илдеттен каза болду. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 228 миң 141 болду. 574 миң 313 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок. Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. 

Бул жакта коронавирус инфекциясы 17 миллион 997 миң 267 адамдан аныкталды. 201 миң 1187 адам каза болсо, 14 миллион 817 миң 371 бейтап айыкты. Ал эми Бразилия үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 521 миң 289 адам вируска кабылган. 398 миң 936 бейтап көз жумса, 12 миллион 849 миң 663 бейтап оорудан сакайды.