Жаңылыктар
Италияда карантиндик чектөөлөр жумшарууда
Дүйнө
Италияда карантиндик чектөөлөр жумшарууда

Италияда чектөөлөр жумшарып, театрлар, концерттик залдар жана музейлер кайрадан ачылууда. Ошондой эле, ресторандар менен кафелер кардарларды ачык жайда тейлей алышат. Ал эми, студенттер менен окуучулар окуу жайларына кайтышат.

Италияда театрлар, концерттик залдар жана музейлер кайрадан ачылууда. Бийлик алты айдын ичинде биринчи жолу карантиндик чараларды жумшартты. Азыр Италиянын көпчүлүк аймактары коронавирус аз тараган сары тилкеде. Саргылт, кооптуу зонада беш аймак турат, ал эми кызыл тилкеде Сардиния аралы кирген.
Италиялыктар маданий турмушка кайтууга шашылып, спектаклдерге жана музейлерге билеттерди буйрутма кылып жатышат. Социалдык аралык жана бет кап кийүү дагы деле болсо баардык жерде талап кылынат. Ресторандар менен кафелер кардарларды ачык жайда тейлей алышат. Мындан тышкары, студенттер, окуучулар мектептер менен университеттерге кайтып келишет. Бийлик ошондой эле аймактар арасында жүрүүгө чектөөнү алып салган.

Ал арада коменданттык саат дагы деле күчүндө жана кечки саат 10до башталат. Чет өлкөдөн кирүүгө чектөөлөр бар. Италияда, пандемия болгон мезгилде, COVID-19 оорусунун дээрлик төрт миллион учуру аныкталды. 110 миңден ашуун адам каза болду.