Жаңылыктар
Учурда Европа өлкөлөрүндө калкты жапырт эмдөө кызуу жүрүүдө
Дүйнө
Учурда Европа өлкөлөрүндө калкты жапырт эмдөө кызуу жүрүүдө

Ушул учурда Европа өлкөлөрүндө калкты жапырт эмдөө кызуу жүрүп жатат. Анткени Индияда катталган коронавирустун жаңы штаммы европалыктарды кооптондурууда. Мында улам дарыгерлер иммунитетти көтөрүү боюнча атайын иш аракеттерин күчөттү.

BioNTechтин башкы директору жана анын негиздөөчүсү Угур Шахин өзүнүн компаниясы америкалык Pfizer фирмасы менен биргеликте иштеп чыккан вакцинага ишенээрин билдирип, коронавирустун индиялык штаммына каршы натыйжалуу экенин айтты. Анын айтымында, эксперттер бул мутацияны буга чейин эле изилдеп чыгышкан, бирок тиешелүү текшерүү аягына чыга элек. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча Индияда аныкталган коронавирустун жаңы түрү буга чейин 17 мамлекетте табылган.

Ошол эле учурда, Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлиги вакцинанын экинчи компоненти киргизилгенден кийин 30 жашка чейинки эркектердеги Pfizer вакцинасы менен ондогон миокардга кабылган учурлары ортосундагы байланышты иликтөөдө.

Ошондой эле, ал биринчи компонент алгандан кийин болжол менен бир жылдан кийин иммунитетти көтөрүү үчүн Pfizer вакцинасынын үчүнчү дозасы талап кылынарын эскертти.