Жаңылыктар
Баткен районунун Көчө-Бою аттуу жериндеги абал кандайча курчуган?
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен районунун Көчө-Бою аттуу жериндеги абал кандайча курчуган?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 29-апрелде таңкы саат 4:40тар чамасында Баткен районунун Көчө-Бою аттуу жеринде абал курчуп кеткенин кабарлады.

Чек ара кызматы "Айылда тажикстандык тарап Кыргызстанга таандык тургундардын үйлөрүнө таш ыргытып, кырдаал курчуп кетти. Андан соң тажикстандыктар жолдон өтүп бара жаткан Кыргызстандын машинелерин мергенчи куралы менен аткылап башташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жарадар болгондор бар. Тажик тараптын ок атуусу токтобой жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалууда. Тажикстандын чек ара кызматынын жетекчилиги менен телефондон байланышуу мүмкүн болбой жатат", - деген билдирүү таратты.