Жаңылыктар
Ак-Сай айылынын Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында абал туруктуу
Чек ара
Ак-Сай айылынын Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында абал туруктуу

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыңалуу бар, эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 

Жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүдө.