Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган төрт адамдын абалы оор
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган төрт адамдын абалы оор

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан төрт адам жаракат алды. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ок тийген бир кыргызстандык оор абалда Лейлек районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жатат. Экинчи жаран башынан жаракат алып, мээси чайкалган, үчүнчүсүнүн сол колу сынган. Булар учурда Самаркандектеги жалпы дарыгерлер практикалык борборунда дарыланууда. Ал эми төртүнчү киши медициналык көзөмөлдөн кийин үйүнө чыгарылган. 

Учурда жаңжал чыккан жерде Тез жардам кызматынын үч бригадасы нөөмөттө турат. Эгер жогорку квалификациялуу медициналык жардамга муктаждык жаралса, Ош шаарынан адистер жөнөтүлөрү айтылды.