Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев спортчуларды олимпиадага узатты
Спорт
 Алмазбек Атамбаев спортчуларды олимпиадага узатты

Президент Алмазбек Атамбаев Рио-де-Жанейродо өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга Кыргызстандын атынан бара турган өкүлдөрдү кабыл алды. Мамлекет башчы өлкө намысын коргогон спортчуларга ийгилик каалап, алардан жакшы ийгиликтерди күтөөрүн айтты. 

Кыргызстандын мамлекеттик желегин президент Алмазбек Атамбаев, жайкы олимпиада оюндарына катыша турган улуттук курама команданын капитаны Арсен Эралиевге тапшырды.
 Андан соң Кыргызстандын желеги белгилүү боксёр Эркин Адылбек уулуна өткөрүлүп берилди. Эми ал Рио-де-Жанейродо өткөрүлүүчү жайкы олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылышында кыргыз туусун көтөрүп чыкмакчы.

Олимпиада оюндарына Кыргызстандан дзюдо, штанга көтөрүү, алыстыкка чуркоо, күрөш сыяктуу оюндун түрлөрү боюнча 19 спортчу катышат. Бүгүн алардын баары мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына чогулду. Президент Алмазбек Атамбаев мындай чоң мелдешке катышуучу спортчуларга ийгилик каалады.
Бразилиядагы ири мелдешке бара жаткан 19 адам - өлкөнүн мыкты жана күчтүү спортчулары экенин мамлекет башчы белгилеп өттү. Ошондуктан калың эл алардан чоң жеңиштерди күтөт.
Улуттук курама команданын мүмкүнчүлүктөрү кандай деген да суроо бар. Негизинен жаман эмес экенин адистер айтат. Бирок математика сыяктуу алдын ала эсептегенге да болбойт, анын баары оюн учурунда гана белгилүү болот.