Жаңылыктар
Бүгүн саат 13:00гө карата чек арадагы соңку кырдаал
Чек ара
Бүгүн саат 13:00гө карата чек арадагы соңку кырдаал

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү бүгүн саат 13:00гө чейин мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу элементи менен салыштырмалуу туруктуу экендигин билдирди. 

Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле чек ара аймактарындагы укук бузуулардын алдын алуу жана кырдаалды курчутпоо максатында Баткен облусунун аймагында жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде нөөмөттө турушат. Ошол эле учурда, Мамлекеттик чек аранын кыргыз тараптагы кыргыз-тажик тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык тартипте иштеп жатат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги күч структураларынын бөлүктөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев Баткенге барды. 

Чек арачылар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кырдаалды жөнгө салуу үчүн зарыл чараларды көрүп жатышат. Чек ара кызматы тажик кесиптештерин чек арада чыккан көйгөйлүү маселелерди эл аралык укуктун жана эки тараптуу келишимдердин алкагында үстөл үстүндө сүйлөшүү менен гана коңшулук маанайда чечүүгө чакырат.