Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
Чек ара
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө Тажикстандын жарандары тарабынан ок атылып, айыл аркылуу өтүүчү жолдо кыргыз жарандарынын унааларына таштар ыргытылган фактылар Баткен РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин "ээнбаштык" жана "киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренелери менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.