Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагында орун алган кырдаалга байланыштуу чек арага жакын аймактын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода бүгүн, чек арадагы абал боюнча эки ирет телефон аркылуу абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүштү.
Суваналиевдин тапшырмасы менен өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозовдор чек арада топтолгон жарандар менен жолугуп, жаралган бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге абалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Жетекчилер абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтып, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат. Аймакта эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.