Жаңылыктар
Чек арадагы абал. Көк-Таш айылындагы суу алуучу жайдын жанында ок атышуучулардын үндөрү угулуп жатат
Чек ара
Чек арадагы абал. Көк-Таш айылындагы суу алуучу жайдын жанында ок атышуучулардын үндөрү угулуп жатат

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесиндеги кагылышуу боюнча интернетте видеолор тарап жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 29-апрелде эртең менен Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, бир кыргыз жаранынын көзүнө ок тийгени маалым болгон.

Айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жол боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таш ыргытылганы да айтылган.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.