Жаңылыктар
Чек арадагы соңку абал
Чек ара
Чек арадагы соңку абал

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташа элек. Коомдук каналдын кабарчысы Нургазы Жайнаков жеринде билдиргендей, Ош-Исфана жолунан өткөн унааларга тажик тараптан ок атылып жатат.

Атылган ок Көк-Таш айылындагы трансформаторго дагы тийип, электр жарыгы өчүп калды. Мындан тышкары видеокамералар да октон талкаланган. 14 чамасында атылган октон эки адам ооруканага жеткирилгени айтылууда. Буга чейин төрт кыргызстандык жаракат алып, ооруканага түшкөн.