Жаңылыктар
Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундары Баткен шаарына чыгарылып кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундары Баткен шаарына чыгарылып кетти

28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. 

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарында өзгөчө абал киргизилип, күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундары Баткен шаарына чыгарылып кетти. Ошол эле учурда, Мамлекеттик чек аранын кыргыз тараптагы кыргыз-тажик тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык тартипте иштеп жатат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги күч структураларынын бөлүктөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев Баткенге барды. 

Чек арачылар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кырдаалды жөнгө салуу үчүн зарыл чараларды көрүп жатышат. Чек ара кызматы тажик кесиптештерин чек арада чыккан көйгөйлүү маселелерди эл аралык укуктун жана эки тараптуу келишимдердин алкагында үстөл үстүндө сүйлөшүү менен гана коңшулук маанайда чечүүгө чакырат.