Жаңылыктар
Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарынын ачылышына 500 бийчи катышат
Маданият
Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарынын ачылышына 500 бийчи катышат

Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарына даярдыктар кызуу жүрүүдө. Бул саамалыктын ачылыш аземине 500 дөн ашуун студенттер тартылган. Учурда жаштар бийдин ар бир кыймылын өздөштүрүүдө. Чолпон-Атада өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюну заманбап маданий иш-чаралар менен коштолуп, 10 жакын ар түрлүү бий бийленет.

Жаштардын ар бир кыймыл аракети хореографтын көзөмөлүндө. Аларга кыймылдарды так жана туура аткаруу керек. Анткени мунун баары дүйнө жүзүнөн келген абройлуу меймандардын алдында расмий ачылыш аземдин учурунда аткарылат. Жоопкерчиликтүү иш болгондуктан студенттер бул жерде күнүнө беш сааттан ашык машыгууда. 
Ачылыш аземине сценарий боюнча көп жакын ар кандай номерлер бар. Анын бардыгына жаш кыз-жигиттер катышат. Алар күн сайын эртең мененки ондон баштап, түшкү экиге чейин репетиция кылып машыгууда. Студенттер чаалыкпасын деп атайын суусундук жана жеңил тамактар даярдалган. Мындан тышкары медицина кызматкерлери да чакырылып, алардын саламаттыгына кам көрүүдө. Аларды ар бир жогорку окуу жайлардан келген атайын кураторлор да көзөмөлдөп жатышат.