Жаңылыктар
Бишкекте активисттер Баткендеги чек ара маселесине байланыштуу митинг өткөрүп жатат
Чек ара
Бишкекте активисттер Баткендеги чек ара маселесине байланыштуу митинг өткөрүп жатат

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында ушул тапта ондогон активисттер Баткендеги чек ара маселесине байланыштуу митинг өткөрүп жатат. 

Алар кыргыз өкмөтүн жаңжал чыккан жерге барып, абалды жөнгө салышын талап кылышууда. Шаардык милициядан билдиришкендей, борбордо баары тынч, милиция коомдук коопсуздукту камсыз кылууда.