Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кетти. УКМКдан билдиришкендей, Ташиев кечээ, 28-апрелде учуп кеткен. Азырынча кайсы өлкөгө кеткени белгисиз.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында Камчыбек Ташиев Германияда жүрөгүнө операция жасаткан. Белгилей кетсек, октябрь окуяларынан кийин Чек ара кызматы УКМКнын курамына кирген. Камчыбек Ташиев Мамлекеттик чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын жетекчиси.