Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн фейсбук баракчасына чек ара боюнча билдирүү калтырды. Билдирүүдө УКМКнын төрөгасы кайрадан Кыргызстанга учуп чыкканын жазды.
“Урматтуу Кыргыз элим!
Мен кечээ 28.04. эрте менен ден соолугумду каратуу учун Германияга учуп кеткен элем,бирок бугунку Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым,больницага жетпей кайттым,буюруса туну менен жетип барам.Баарыныздарга сабырдуулук тилеймин,Мекендин чеги омурдон да кымбат,ынтымакта баарын женебиз!!!”
Белгилей кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиевдин 28-апрелде дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткени кабарланган.