Жаңылыктар
ӨКМ куткаруучуларын чек ара жаңжалы болуп жаткан аймакка жиберди
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ куткаруучуларын чек ара жаңжалы болуп жаткан аймакка жиберди

Баткен районунун Ак-Сай айылында чек ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыккан чырга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучуларын жиберди. 

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ӨКМдин Баткен облусундагы үчүнчү издөө-куткаруу отрядынан жалпы 16 куткаруучу жөнөтүлдү.

“ӨКМдин куткаруучулары тиешелүү жардам берүүгө 100 пайыз даярдыкта”, - деп айтылат маалыматта.