Банк тармагындагы адистер, карапайым элдин каржы тууралуу билими эң төмөн деп эсептейт. Буга байланыштуу, насыя алууда жана анын үстөк пайызын төлөөдө ар кандай түшүнбөстүктөр болуп жатканын талдоочулар да кошумчалайт. Ал ортодо, өкмөттүн демилгеси менен апрелден тартып өлкөнүн облус жана райондорунда насыя алгандардын кайрылуусун караган атайын комиссия иштеп жатат. Комиссиянын курамына өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, акимдер, укук коргоо органдарынын мүчөлөрү жана юристтер кирген.
2014-2015-жылдары коммерциялык банктардын насыя бере турган капчыгы 80 миллиард сомду түзгөн. Айрым тармактарда, ипотекалык насыя берүүнүн көрсөткүчү азайганы менен 2016-жылы айыл чарба, өнөр жай жана жеке тараптардын насыя алуусу көбөйгөн.
Статистикага ылайык насыянын үстөк пайызын төлөй албай калган жарандардын көйгөйү ар кандай. Айрымдарында насыя алууда түшүнбөстүктөр болсо, дагы бирине Казакстан жана Орусиядагы акыркы каатчылыктар таасирин берген.
Көбүнчө насыянын үстөк пайызын төлөй албай калган учурлар кардарлардын акча менен иштөө тажрыйбасы начардыгынан келип чыгат. Тагыраагы, акча алаардан мурда өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүгүн эске албай калышат.
Талдоочу Умбриэль Темиралиевдин айтымында, Кыргызстанда насыя алуучулардын укугу мыйзамда жакшы корголгон. Ошондуктан банк же чакан насыя берүүчү компаниялар жеке тараптардан жөнү жок эле мүлкүн тартып ала албайт.
Өкмөттүн тапшырмасы менен ушул жылдын жаз мезгилинен бери аймактарда жумуш тобу түзүлгөн. Ага облус жана район администрацияларынын өкүлдөрү, ошондой эле укук коргоо органдарындагы кызматкерлер кирет. Алар насыя алуучулардын баардык суроолоруна жооп берет.
Ал ортодо акыркы жылдары насыя алуучулардын укугун коргогон түрдүү кыймылдар пайда болду. Бирок жардам беримиш болгон активисттер калктын каржы билимин жогорулатып же болбосо насыя алуу учурундагы жоопкерчилик тууралуу айта бербейт.