Жаңылыктар
Саат 14.00гө карата Баткендин Көк-Таш айылындагы «Головной» суу тосмо жайында массалык аткылоо болду
Кыргызстан жаңылыктары
Саат 14.00гө карата Баткендин Көк-Таш айылындагы «Головной» суу тосмо жайында массалык аткылоо болду

Бүгүн саат 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери, Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону башташты.

Кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты токтотуу боюнча УКМКнын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Уларбек Шаршеев окуя болгон жерде чараларды көрүп жатат.