Жаңылыктар
Олимпиадада ийгилик жараткандарга 7 миллион сом ыйгарылат
Спорт
Олимпиадада ийгилик жараткандарга 7 миллион сом ыйгарылат

Кыргыз спортчуларынын Олимпиададагы жеңиштери Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына чоң белек болот. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Бразилияда өтө турчу Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан аттанып жаткан спортчуларды кабыл алуу учурунда билдирди. Мамлекет башчы өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктарга карабай спортчуларды колдоого аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалап, алтын медаль үчүн 7 млн сом, күмүш менен кайткандарды 5 млн ал эми коло медальга татыган спортчуларды ар бирин 3,5 млн сом акчалай белек менен мамлекет сыйлай тургандыгын билдирди.

Быйыл Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 5-21 август күндөрү өтө турчу Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу жолдомо утуп алган. Спорттун 28 түрүнөн 206 өлкөдөн тандалган 10 миңден ашуун спортчу мөрөй талаша турчу мелдеште 306 комплект медалдар даярдалып өз ээлерин күтүүдө.

Дүйнөлүк ири мелдешке аттанаар алдында кыргыз спортчуларын Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кабыл алып, Олимпиаданын катышуучуларын өлкө атынан татыктуу мелдеш көрсөтүүгө чакырды. “Олимпиада оюндарына таза күрөш аркылуу жолдомо алдыңыздар. Бул силер үчүн жетишкендик. Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан мамлекет тарабынан спортчуларга колдоолор көрсөтүлүп жатат” дейт президент.