Жаңылыктар
Садыр Жапаров чек арадагы абал боюнча кайрылуу жасады
Чек ара
 Садыр Жапаров чек арадагы абал боюнча кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча “Фейсбуктагы” расмий баракчасына кайрылуу жазды.

“Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам. Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз. Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат. Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам”, - деп жазды Жапаров.

Белгилей кетсек, 28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.