Жаңылыктар
Чек арадагы жаңжалдан бир кыргызстандык каза болду
Чек ара
Чек арадагы жаңжалдан бир кыргызстандык каза болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган Кыргызстандын бир жараны каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. 

Соңку маалыматтарга караганда, Баткен облустук бириккен ооруканасына беш адам, ал эми Лейлек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна бир кыргызстандык жаракат алып түшкөн. 

Ушуну менен чыр-чатактан жаракат алгандардын саны 17 адамга жетти. Анын бирөө медициналык жардам алып үйүнө чыгарылды. Кырдаалга байланыштуу, Баткенге Ош шаарынан беш адистен турган бригада жана Бишкектен саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев башында турган тогуз дарыгер барды.