Жаңылыктар
Тажикстандын күч органдары Кыргызстандын 5 чек ара тозотуна кол салышты
Чек ара
Тажикстандын күч органдары Кыргызстандын 5 чек ара тозотуна кол салышты

Тажикстандын күч органдары Кыргызстандын 5 чек ара тозотуна кол салганын Чек ара кызматы кабарлады. "Головной" тилкесинде тараптардын ок атышуусунан аскер кызматкерлери менен жөнөкөй жарандар түрдүү жаракаттарды алды. 

Тажик тарап "Капчыгай", “Миң-Булак", "Достук" заставасы жана "Кожогар", "Булак-Башы" постуна карай ок чыгарган. Миномёт менен аткылоодон "Достук" тозоту күйүп кетти. 

Тажик күчтөрүнүн аракеттерине жооп катары УКМКнын атайын багыттагы "Бөрү" отряды Тажикстандын "Ходжа Аълло" заставасын басып алды. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында эки тараптан тең кошумча күч тартылып жатканы кабарланды. "Головной" жерлигинде абал курч бойдон калууда. Буга чейин кыргыз жарандары Исфара-Ворух унаа жолун тоскон.