Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон кыргызстандыктардын саны 13кө жетти
Чек ара
 Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон кыргызстандыктардын саны 13кө жетти

30-апрелдин эртең мененки саат 7:50сүнө карата расмий маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон кыргызстандыктар 13кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жараат алгандардын жалпы саны 134 адам. Алардын 25ин атайын учак менен Баткенден Бишкекке алып келип, үч ооруканага жаткырышты. 

Эки бейтаптын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат, калгандары орточо жана канааттандырарлык абалда. Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта 28-апрелде чек ара чыры чыгып, 29-апрелде абал курчуган.