Жаңылыктар
Эсептөө палатасынын өнүгүү стратегиясы көрсөтүлдү
Экономика
Эсептөө палатасынын өнүгүү стратегиясы көрсөтүлдү

Эсептөө палатасы мамлекеттик мекемелердеги текшерүүлөрүн күчөтө турган болууда. Буга байланыштуу, Эсептөө палатасы 2016-2020-жылдарга карата өнүгүү стратегиясынын планын да кабыл алды. 

Эсептөө палатасынын өнүгүү стратегиясы - мамлекеттик аудиттин сапатын жакшыртуу, эсептөө палатасындагы кадрлардын тажрыйбасын жогорулатуу жана эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта иштөө сыяктуу үч багытты камтыйт. Эң башкысы мамлекеттик мекемелердеги каржылык мыйзам бузууларды текшерүүдөн мурда, өзүбүз таза иштешибиз керек деп билдирди эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов.

Стратегияны иштеп чыгуудагы башкы зарылчылык - элдин койгон талабынын негизинде болду. Себеби эсептөө палатасынын кадыр баркы тууралуу ар кандай кеп болгондуктан, эми текшерүүлөр дагы күчөтүлмөй болууда. Кыргызстанда төрт миң мамлекеттик мекеме бар. Бирок баардык органдардын ачыктыгын текшерүү үчүн адистер жетише бербейт, ошондуктан кызматкерлер үчүн атайын окутуулар да жүрүп баштайт.
Статистикага ылайык, 2015-жылы эсептөө палатасы тарабынан мамлекеттик мекемелерден 1,5 миллиард сомдук мыйзам бузуулар табылган. Анын 800 миллион сому бюджетке кайтарылып берилген. Каражаттарды кымырып алуу көбүнчө социалдык делген мекемелерде. Бирок андай органдар текшерүүдөн өткөрүлүп өкмөткө сунуштар берилгени менен тиешелүү чара колдонулбай жатканын эсеп палатасы ачык эле айтты.