Жаңылыктар
Чек арадагы жаңжалда кыргызстандык 12 жаштагы кыз көз жумду
Чек ара
Чек арадагы жаңжалда кыргызстандык 12 жаштагы кыз көз жумду

30-апрелдин эртең мененки саат 7:50сүнө карата расмий маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон кыргызстандыктар 13кө жетти. Арасында Лейлек районунда 2008-жылы төрөлгөн кыз жаракат алып каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жараат алгандардын жалпы саны 134 адам. Алардын 25ин атайын учак менен Баткенден Бишкекке алып келип, үч ооруканага жаткырышты. 

Эки бейтаптын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат, калгандары орточо жана канааттандырарлык абалда. Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта 28-апрелде чек ара чыры чыгып, 29-апрелде абал курчуган.