Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал жөнүндө саат сайын маалымат алып турат, деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек.
«Мамлекет башчысы азыр өзүнүн жумуш ордунда — Өкмөт үйүндө. Бүгүн Баткен облусунда болгон окуя биздин элибиз жана өлкөбүз үчүн оор сыноо болду. Президент бардык кыргызстандыктар сыяктуу эле өлкөнүн тагдыры жана ар бир кыргызстандык үчүн, айрыкча жабыркагандар үчүн тынчсызданууда», - деди ал.