Жаңылыктар
Токаев: кыргыздар да, тажиктер да бизге боордош калк
Чек ара
Токаев: кыргыздар да, тажиктер да бизге боордош калк

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү жасаганын Ак орда билдирди. 

Өлкө башчысы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы кандуу жаңжал тууралуу маалыматты катуу тынчсыздануу менен кабыл алганын белгилеген. "Кыргыздар да, тажиктер да бизге боордош калк, баарыбызды орток маданий баалуулуктар менен жалпы тарых бириктирип турат. Элибизге толеранттуулук мүнөздүү, өз ара сый мамиледе болуп келгенбиз. 

Ок атуунун токтоп, эки мамлекеттин тийиштүү өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрдү баштаганын кош колдоп колдойм", - деди Токаев. Президент Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилери даанышмандыгын көрсөтүп, бардык маселелерди тынчтык жолу менен чечерине ишеним арткан. Муну менен бирге Токаев абалдан чыгуунун жолун издөөгө салымын кошууга даяр экенин да белгиледи. "Чек ара көйгөйлөрүн жөнгө салуу механизмдерин Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусунда иштеп чыгууга болот деп эсептейм", - деди Токаев.