Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Жазык кодексинин 380-беренесинин ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракети мамлекеттин суверендүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө каршы алдын ала пландаштырылган чагымчылдык жана агрессия катары бааланат. Алар эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды бузуп, ок чыгарышты", - деп айтылат маалыматта.
Андан соң коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстандын чек ара заставаларына кол салганы да белгиленген. Сотко чейинки өндүрүштү тергөө иштери УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган тергөө тобуна тапшырылган.