Жаңылыктар
Баткенде учурда абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат
Чек ара
Баткенде учурда абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат

Баткенде учурда абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков облус аймагындагы укук коргоо органдарынын жана ички аскерлердин учурдагы абалды турукташтуруу боюнча иш-чараларын толугу менен координациялап, коомдук тартипти сактоо багытында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү колго алууда.

30-апрелге карата Баткен районундагы кырдаал турукташып, ок атуулар токтотулган. Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Ал эми Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары коопсуздук жайларга милиция кызматкерлери тарабынан эвакуациаланган.Азыркы күндө чек арага чектеш аймактарда абал толугу менен көзөмөлдө. Милиция кызматкерлери тарабынан блокпосттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Абал туруктуу. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоодо облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлердин аскер кызматчылары жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүлгөн тартипте камсыздап жатышат.