Жаңылыктар
Артем Новиков баштаган мамлекеттик органдардын жетекчилери жаштарды кызуу кандуулукка алдырбоого чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Артем Новиков баштаган мамлекеттик органдардын жетекчилери жаштарды кызуу кандуулукка алдырбоого чакырды

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков баштаган тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери элдик кошуундун өкүлдөрүнө кайрылуу жасашты. 

Алар, элди дүрбөлөңгө, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө, жаштарды кызуу кандуулукка алдырбоого чакырды. Новиков, такталбаган маалыматтардын социалдык тармактар аркылуу жарыяланып жатышы кырдаалды курчутуп жиберүү ыктымалдыгын эскертип, эки тараптын тийиштүү жетекчилери чатакты жөнгө салуу, токтотуу боюнча тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Кайрылууда айтылгандай, Лейлек району Кыргызстандын күч кызматкерлеринин көзөмөлүндө. 

Тийиштүү аскердик техникалар, аскер кызматкерлери турат. Дары дармектер, азык түлүк жетиштүү. Гуманитардык жардам тынымсыз келип жатат. Баткендеги кырдаал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө, - деди Артем Новиков.