Жаңылыктар
Кыргызстан - Тажикстан: 30-апрелге оогон түнү макулдашуу келишимине кол коюлду
Чек ара
Кыргызстан - Тажикстан: 30-апрелге оогон түнү макулдашуу келишимине кол коюлду

30-апрелге оогон түнү эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев билдирди. 

Эки тарап макулдашкан документке Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кол койду. Документте тажик жана кыргыз өкмөттөрүнүн демилгеси менен чек аралаш аймактардагы куралдуу жаңжалды жөндөө максатында түзүлгөн комиссия кагылышты токтотуу, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүү, чыңалууну мындан ары курчутпоо үчүн чараларды көрүү жана биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашканы белгиленген. Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери 29-апрелде кечки саат сегизде эки тарап тең ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууну макулдашканы кабарланган.