Жаңылыктар
Лейлек районундагы абал
Чек ара
Лейлек районундагы абал

Баткен облусунун Лейлек районунда 30-апрелде таңга маал Кызыл-Бел, Кулунду айылы тарапта дагы деле ок атуу болуп жатканын жергиликтүү тургундар маалымат булактарына кабарлашты.

Түнкүсүн Лейлек районунун Арка, Жаштык, Максат жана Эски Оочу айылдарында ок атылганы токтоп, бирок турак үйлөр өрттөнүп жатканын жашоочулар маалымдаган. Бул айылдарды 29-апрелдин кечинде Тажикстандын аскерлери оор техника менен аткылап, тургундар жакынкы айылдарга качып чыгышкан. Облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова Лейлек районунда милиция күчөтүлгөн тартипте кызматта турганын, турак-жай өрттөнүп жатканын "Азаттыка" бышыктады.

Жаштык айылында май куйган жай, Максат айылында чек ара тозоту жана ондон ашык үй өрттөлгөнүн тургундар билдиришти. 29-апрелде Тажикстандын Согди облусу менен чектешкен кыргыз айылдарынын 3000дей тургуну убактылуу үй-жайын таштап, Лейлек районунун борбору Исфана шаарына, Катраң, Өзгөрүш, Коргон, Тайлан айылдарына эвакуацияланды. Райондук социалдык камсыздоо кызматынын өкүлдөрү жергиликтүү ыктыярчылар менен бирге жаңжал чыккан айылдардын тургундарын убактылуу жайгаштыруу иштерин жүргүзүүдө.