Жаңылыктар
Чек арадагы жаңжалдан улам эвакуация болгон жарандар алты жайга жайгаштырылды
Чек ара
Чек арадагы жаңжалдан улам эвакуация болгон жарандар алты жайга жайгаштырылды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам эвакуация болгон жарандар жайгаштырылган алты жай бар. Кабарчыларыбыз жеринен маалымадагандай, адамдарды негизинен мектептерге тийиштүү имараттарга жайгаштырып жатышат.

Алар Баткен районунун Кызыл-Бел жана Көк-Таш айылдарынын тургундары, негизинен аялдар, балдар жана кары-картаңдар. Облус бийлиги жалпысынан 2-3 миңдей адам эвакуация болгонун 29-апрелде билдирген.