Жаңылыктар
Учурда ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтти кылдат талдоодо
Чек ара
Учурда ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтти кылдат талдоодо

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды токтотуп, андан ары өнүгүшүнө жол бербөө керек. Маселе тынчтык жолу менен гана чечилиши зарыл. Бул тууралуу Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун башкы катчысы Станислав Зась айтып чыкканын "Интерфакс" жазып чыкты. 

Учурда бул уюм чек арадагы конфликтти кылдат талдап отурат. Уюмдун башкы катчысы кечээки жаңжалдан кийин Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан Коопсуздук кеңештеринин саммити учурунда, Тажикстандын жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңештеринде жетекчинин орун басары болуп иштеген Насрулло Махмудзода жана Рыскелди Мусаев менен сүйлөшуп, талдаган.