Жаңылыктар
БУУ эки тарапты тең ынтымак жолу менен бир пикирге келүүгө чакырды
Чек ара
БУУ эки тарапты тең ынтымак жолу менен бир пикирге келүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюму тынчсыздануу менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалга көз салууда. Бул тууралуу баш катчынын орун басары Фархан Хак билдирди. Ошондой эле алар эки тарапты тең ынтымак жолу менен бир пикирге келүүгө чакырды. 

Белгилей кетсек 28-апрелде Баткен районун Көк-Таш айылындагы "Головной" аймагында эки мамлекеттин жарандары ортосунда пикир келишпестиктер чыгып, ок атуу менен коштолуп абал курчуп кеткен. Азыркы тапта 134 адам денесинен жаракат алып ооруканада дарыланып 13 адам каза болду. 

Тажик тараптан 150 адам жаракат алып жетөө каза болду. 29-апрель күнү кечинде тараптар ок атууну токтотуу тууралуу сүйлөшүп, окуя болгон жерден аскердик техникаларды чыгаруу боюнча макулдашты. Эскерте кетсек "Головной" суу бөлүштүрчү аймагы Кыргызстандын аймагындагы Төрткүл суу сактагычын толтуруучу каналда жайгашкан.