Жаңылыктар
Муфтийдин орун басары Кадыр Маликовдун кайрылуусу - Чек ара чыры
Чек ара
Муфтийдин орун басары Кадыр Маликовдун кайрылуусу - Чек ара чыры

Ырайымдуу жана боорукер Аллахтын ысымы менен!

Аллахтын ысымы менен эки элдин интеллигенцияларына, коомдук ишмерлерлерине жана активисттерине кайрылам!

Байыртадан бери, Ыйык Рамазан айы башталганда талаш-тартыштар, карама-каршылыктар жана согуштар токтогон!

Бул айда согуш талаасынадагы душмандар дагы кармашын токтотуп, тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаган!

Учурда, эки өлкөнүн коомдогу аң сезимдүү күчтөрүнө, дин башкармалыктарына чакырык жасайм. Мындай абалда, биз чек ара аймактарын тынчтыкка жана ал жактагы курч кырдаалды турукташтырууга чакырышыбыз керек.

Ал эми, биздин өлкөлөрдөгү жаштарга, эки тараптан тең чыгып жаткан провокацияларга, манипуляцияларга жана ар түрдүү улуттук чакырыктарга алдырбаганга үндөп кетем!

 Ыйык Рамазан айында өзгөчө соцтармактагы ачууга, жек көрүүгө жана эмоцияларга алдырбагыла! Бул, чыр-чатакты күчөтүү үчүн болуп жаткан атайын маалымат согушу. Биздин саясатчылар геостратегиялык максаттарды көздөгөн белгилүү бир күчтөрдүн куралы болуп калуудан абайлашы керек!

Мындай чыр-чатактардан пайда тапкан белгилүү бир топтор бар жана Фергана өрөөнүндөгү туруксуздукка кызыкдар геосаясий оюнчулар да бар. Афганистандагы кырдаал Борбордук Азияга да байланып калышы ыктымал.

Биз ал топторго, эки өлкөнүн жана эки бир тууган элдин ортосуна жек көрүү жана согуш отун жагышына жол бербешибиз керек!

Аллах бизге кошуналарыбызды бир туугандык, кошуналык мамиле курганга тандап берген!

Бул күндөр өтөт, чатактар басаңдайт, бирок эл арасында кошуналар жана алар жөнүндө элестер калат!

Эки өлкөнүн, эки бир тууган мусулман элдеринин каршылашуусунда жеңгендер же жеңилгендер болбойт! Чатактын бардык тарапташтары жеңилген болот!

Биздин өлкөлөрдө жана биздин аймакта туруктуулукту жана тынчтыкты сактоого бир Алла өзү жардам берсин!!