Жаңылыктар
ИИМ жарандарды такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат
Чек ара
ИИМ жарандарды такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат

Мамлекеттик бийлик кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүүдө. Абал чыңалуу бойдон, бирок күч түзүмдөрү тарабынан көзөмөлдөнүүдө. 

Учурда бардык кыргызстандыктардан акылмандык менен сабырдуулук талап кылынууда. Эң негизгиси кырдаалды турукташтырып, терс көрүнүштөргө алып келген аракеттерден алыс булушубуз керек.

Бардыгыңыздардан абалды курчутуп салбаш үчүн такталбаган  маалыматтарды таратуудан жана комментарий берүүдөн алыс болууга  чакырабыз.