Жаңылыктар
Ок атууну токтотуу келишими
Чек ара
Ок атууну токтотуу келишими

Кыргызстан менен Тажикстан Республикасынын мамлекет башчыларынын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун чектеш аймактарындагы куралдуу чыр-чатакты ыкчам түрдө жөнгө салуу тапшырмасынын алкагында, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары тарабынан жетишилген келишимдин негизинде, 2021-жылдын 29-апрелинде кыргыз тараптын «Кызыл-Бел» жана Тажикстандын «Гулистон» өткөрүү пунктунда эки өлкө өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Ага эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун Төрагасы Раджаббой Ахмадзода катышты. Анда тараптар:

Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун чектеш аймактарында ок атууну ушул жылдын 29-апрелинде Бишкек убактысы боюнча 19.30дан тартып (Душанбе убактысы боюнча ушул жылдын 29-апрелинде саат 18.30дан тартып) токтотуу;

Аскерлерди жана аскердик техниканы КРдин Баткен облусунун жана ТРдин Согди облусунун чектеш аймактарынан туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүнү;

КРдин Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун чектеш аймактарында абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүү процесстерин улантууну;

Эки элдин жана мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу жана турукташтырууга багытталган сүйлөшүү процесстерине жагымдуу шарттарды түзүү максатында эки өлкөнүн укук коргоо органдары менен аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн турган биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча келешимге жетишти.

Жолугушуунун соңунда тараптар тийиштүү биргелешкен билдирүү кабыл алып, протоколго кол коюшту.